Лицензиялык келишим

Википедия дан

Лицензиялык келишим – товардык белгилерди, техникалык билимдерди, ойлоп табууларды коммерциялык жана өндүрүштүк пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишим. Лицензиар жана лицензиат Л. к-дин тараптары болуп саналышат. Л. к. лицензиатка: лицензиарга аны пайдалануу жана башка адамдарга берүү (өзгөчөлөнбөгөн лицензия) укугун сактоо менен интеллектуалдык менчик объектисин пайдалануу укугун; аны пайдалануу укугун лицензиарга берилбөөчү бөлүгүндө лицензиарда сактоо менен (өзгөчө лицензия) интеллектуалдык менчик объектисин пайдалануу укугун; лицензиялардын мыйзам жол берген башка түрлөрүн берүүнү карайт. Л. к. ордун толтуруу иретинде болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]