Ли группасы

Википедия дан

Ли группасы – каалагандай x, y элементтери үчүн (x, y) түгөйүн xy–1 көбөйтүндүсүнө дал келтирүүчү чагылдыруусу үзгүлтүксүз болгон көп түспөлдүүлүктүн структурасына ээ болгон группа. Ли группасынын негизги түшүнүктөрүн математикага 19-кылымдын 70-жылдарында С. Ли киргизген. Ли группасы дифференциалдык теңдемелердин кээ бир маселелерин изилдөөдөн келип чыккан. Математика жана физикада Ли группасы көптөгөн ар түрдүү колдонулуштарга ээ. Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясындагы эң негизги роль таандык болгон. Лоренц группасы – Ли группасы болот. Ли группасы салыштырмалуулук теориясынын эң күчтүү методу болуп эсептелет. Ли группасын изилдөө боюнча эң негизги жетишкендиктер С. Ли, франциялык математик Э. Картан, немис математиги Г. Вейль, орус математиктери Л. С. Понтрягин, А. И. Мальцев жана башкаларга таандык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7