Лобачевский Николай Иванович

Википедия дан

Лобачевский Николай Иванович (20. 11(1.12). 1792, Нижний Новгород – 12(24). 2. 1856, Казан) – орус математиги, евклиддик эмес геометрияны түзүүчү, ойчул-материалист. Ал гимназияда (1802–07), Казан университетинде (1807–11) окуган, ошол эле жерде магистр (1811), адъюнкт (1814), экстраординар профессор (1816), ординар профессор (1822), физика-математика факультетинде декан (1820–22, 1823–25), ректор (1827–46) болуп иштеген. Лобачевский сандар теориясы, элементардык математика, сфералык тригонометрия, дифференциалдык геометрия, физика, механика жана астрономия боюнча лекция окуган. «Казан университетинин илимий эмгектери» журналын негиздеген (1834). 1829-ж. «Геометриянын башталышы жөнүндө» деген эмгегин жарыялаган. Лобачевский Евклиддин 5-постулатын далилдөөгө аракеттенип, анын негизинде «Элестетүүчү геометрия» деген жаңы геометрияны түзгөн. Ал геометрияга гана эмес, математиканын башка тармактарына да салым кошкон. Алгебра, математикалык анализ, ыктымалдык теориясы, механика, физика, астрономия боюнча илимий эмгектери бар. Ал акыркы илимий эмгеги – «Пангеометрияны» өзү айтып берип жаздырган. Лобачевскийдин геометриясы өзүнүн тирүү кезинде кабыл алынбай, 19-кылымдын 2-жарымынан тааныла баштаган. Лобачевскийдин урматына эл аралык сыйлык дайындалып, алтын медаль чыгарылган. Горькийдеги мамлекеттик университетке Лобачевскийдин ысмы берилген. Эмгектери: Полное собрание сочинений: В 5 т. М., 1946–51.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7