Лоббизм

Википедия дан

Лоббизм (англ. lobby - коридор) парламенттин чечим кабыл алуу проццесинде жеке жана коомдук уюмдардын (саясий партия, профсоюз, корпорация ж. б.) таасир кылуучу механизмин түшүндүргөн саясий термин. Лоббизм Америкада саясий мааниге өттү. Демек шайлоо учурунда добушту «коридордо», «көчөдө сатып алуу» дегенди түшүндүрөт. Лоббизм саясаты:

  • 1). Социалдык, саясий күчтөрдүн пайдасына;
  • 2). Өлкө, региондор үчүн;
  • 3). Жалпы социалдык же глобалдуу проблемаларды чечүү максатында колдонулат.

Лоббизм 1946-жылдан АКШда көзөмөлдөнөт жана финансылык жардам алат. Лоббизм көп тепкичтүү кубулуш. Лоббизмдин негизи болуп социалдык, этностук, саясий топ же кыймыл эсептелет. Механизмдери – көзөмөлгө алуу, АКШда эң күчтүү лоббизм – согуш өнөр жай комплексинде.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9