Логикалык мыйзам

Википедия дан

Логикалык мыйзам – ойлом баш ийген тартип, логикалык дедукциянын негизин түзүүчү мыйзамдардын, туура ой жүгүртүүнүн эреже талаптарынын жалпы аталышы, ошондой эле ойпикирлердин жалпыга маанилүү логикалык туюнтмасы (аксиома же теорема). Антикалык жана орто кылымдарда салттуу логикадагы эң кеңири колдонулган, чечмеленип түшүндүрүлгөн ойлом мыйзамдары:

  • 1) төптүк мыйзамы («ар кандай ой өзүнө гана төп келет»);
  • 2) каршылыктуулук мыйзамы («эч бир пикир бир эле учурда чын жана жалган боло албайт»);
  • 3) үчүнчүсүн жокко чыгаруу мыйзамы («ар кандай пикирдин өзү чындык же аны тануу чындык, үчүнчүсүнүн болушу мүмкүн эмес»);
  • 4) жетерлик негиз мыйзамы («ар кандай туура пикир жетерлик түрдө негизделиши зарыл»).

Логикалык мыйзамдарды туура сактоо менен алардын маанисин түшүнүү ойдун тактыгын, ырааттуулугун жана негиздүүлүгүн камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7