Ложенко Пелагея Макаровна

Википедия дан

Ложенко Пелагея Макаровна (1904, азыркы Казакстан, Семей облусу, Уржар району, Маканчы айылы – 1988, Аламүдүн району, Арашан айылы) – саанчы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1948). 1942-жылдан Кыргыз ССРинин Аламүдүн районундагы Стрельникова атындагы асыл тукум заводунда уйчу, саанчы-бригадир болуп иштеген. Сүт саап алууда мыкты ийгиликтерге жетишкен. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7