Ломидзе Георгий Иосифович

Википедия дан

Ломидзе Георгий Иосифович (28. 7(10. 8). 1914,Тбилиси – 27. 2. 1999, Москва) – адабиятчы жана адабият теоретиги. Филология илимдеринин доктору (1960), СССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1972). 1947-ж. М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтун бүтүргөн. 1955-жылдан ушул эле институтта сектор башчысы болуп иштеген. Чыгармачылыгы 1935-ж. башталган. КПСС БКнын коомдук ИАсынын профессору (1965). «Адабияттагы социалисттик реализм жөнүндө» (1952), «Биримдик жана көп түрдүүлүк» (1957), «Жаңыны издөө жолунда» (1963), «Совет адабиятынын өнүгүшүндөгү теориялык проблемалар» (1964) деген олуттуу илимий эмгектери бар. «Совет адабиятынын интернационалдык пафосу. Ой жүгүртүүлөр, баалар, талаш-тартыштар» (1970) аттуу китебинде СССР элдеринин адабиятынын өнүгүшү жана улуттук өзгөчөлүгү жөнүндөгү түйүндүү маселелерди илимий жактан ачып берген. Ломидзенин эмгектеринде кыргыз адабиятынын айрым маселелери да камтылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7