Ломоносов кырка тоосу
Көрүнүш
Ломоносов кырка тоосу – Түндүк Муз океандагы суу астындагы кырка тоо. Жаңы Сибирь аралынан (океандын ортосу менен) Канада Арктика архипелагындагы Элсмир аралына чейин 1800 кмге созулуп жатат. Туурасы 60–200 км. Океан таманынан 3300–3700 м бийик көтөрүлөт. Тоонун кырынан океандын үстүнкү бетине чейинки эң тайыз жери 900 м. Капталдары салыштырмалуу тик, каньондуу, кумдуу ылай менен капталган. 1948-ж. советтик экспедиция ачкан; М. В. Ломоносовдун ысмынан аталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7