Ломоносов шаары
Appearance
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/c/c1/Hall_of_Stone_in_Oranienbaum_Park.jpg/220px-Hall_of_Stone_in_Oranienbaum_Park.jpg)
Ломоносов шаары (1948-ж. чейин Ораниенбаум) – Орусиядагы шаар. Музей-корук. Ленинград облусунун аймагында, Финн булуңунун жээгинде жайгашкан пристань. Калкы 41,4 миң (1998). Полиграфия комбинаты («Парус» өндүрүш бирикмеси), автомобиль ремонттоочу, резина-техникалык буюмдар заводдору, тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. 18-кылымдын башында пайда болгон. Ак сарай-парк ансамбли (18-к.), барокко (1710–25) жана Кытай стилиндеги ак сарайлар (1756–62), рококо стилиндеги павильон (1762–74) сакталган. М. В. Ломоносовдун ысмынан аталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7