Лонгрид

Википедия дан

Лонгрид - Интернетте берилүүчү журналисттик материалдардын берүү форматы. Англис тилинен которгондо long read – «узак окуу» деген маанини берет. Лонгриддин башкалардан өзгөчөлүгү текст көп болуп, ал ар кандай сүрөт, видео же инфографика сыяктуу мультимедиалык элементтер аркылуу бир канча бөлүктөргө бөлүнөт. Лонгрид окурманды керексиз маалыматтардан «сактап», материалга толугу менен арбап алат. Көбүнчө лонгриддер тигил же бул сайттын аудиториясын көбөйтүү үчүн жана жарнамалык материалдарда колдонулат. Мындай форматтагы алгачкы материалды 2012-жылы «The New York Times» гезитинин сайты чыгарган.