Лонгфелло Генри Уодсуорт

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Лонгфелло Генри Уодсуорт (27. 2. 1807, Мэн штаты, Портленд – 24. 3. 1882, Массачусетс штаты, Кембриж) – америкалык акын, жазуучу. Боудойн коллежин бүтүрүп, Европадан (1826–29) окуусун аяктаган. Алгачкы ырлары 1820-ж. чыккан. Ыр, роман, поэма, новелла жана публицистикасында романтик катары согушка, кулчулукка, улуттук кастык менен эзүүгө каршы чыгып, буржуазиялык практицизмге жаратылышты жана өткөн замандын патриархалдык-пуритандык адеп-ахлагын каршы койгон. Индей жомокторун негиз кылып, финн эпосу «Калеваланын» үлгүсүндө индейлердин элдик баатыры жөнүндө «Гайават жөнүндө ыр» (1855) аттуу эпосту жазып, дүйнөгө атагы чыккан. «Жерлер жөнүндө ырлар» (1876–79) аттуу 31 томдон турган жыйнагын чыгарган. Анын «Кулчулук жөнүндө ырлары» Россиянын демократиялык чөйрөлөрүндө, айрыкча 19-кылымдын 60-жылдарындагы белгилүү чыгармалардан болгон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7