Лондон конференциясы (1830–31)

Википедия дан

Лондон конференциясы (1830–31)Австрия, Улуу Британия, Пруссия, Орусия жана Франция өкүлдөрү катышкан конференция. Бельгия революциясынан (1830) кийин Бельгия Нидерланд королдугунан бөлүнүп, Бельгия менен Голландиянын кагылышуусу Лондон конференциясынын чакырылышына себеп болгон. Конференция кез-кези менен 1830-ж. октябрдан 1831-ж. ноябрга чейин өткөн. Өзүнө коңшу күчтүү мамлекет – Нидерланд королдугун түзүү жөнүндөгү Вена конгрессинин (1814–1815) токтомуна нааразы болгон Франция Лондон конференциясында Бельгиянын Нидерланд королдугунан бөлүнүп чыгышын жактаган. Вена конгрессинде түзүлүп, Ыйык союз тарабынан корголгон системадан Бельгиянын бөлүнүшү сокку болот деп эсептеген Австрия, Пруссия жана Россия кайрадан анын Нидерланд королдугуна баш ийишин талап кылган. Француз-орус мамилелерин бузуу жана бельгиялык провинцияларда өз таасирин бекемдөөнү көздөгөн Улуу Британия Францияны колдогон. Лондон конференциясы кабыл алган келишим боюнча Бельгия өз алдынча деп таанылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7