Лондон фондулук биржасы

Википедия дан

Лондон фондулук биржасы (англ. London Stock Exchange) — Европадагы эң байыркы биржалардын бири жана дүйнөлүк баалуу кагаздардын эң белгилүү рынокторунун бири. Лондон фондулук биржасы өзү акционердик коом жана анын акциялары анда жүгүртүлөт.[1]

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Расмий түрдө Лондон биржасы 1801-жылы негизделген, бирок иш жузүндө Англияда баалуу кагаздардын соодасынын тарыхы XVI кылымда башталган.[2] Кытайга болгон кымбат саякаттарды өз капиталы менен каржылай албаган британ компаниялары Антверпендеги ушуга окшош үлгү боюнча компаниянын кирешесинин келечектеги үлүшү үчүн алтын чогултушкан.[3]

1687-жылы Лондондо он беш компания өздөрүнүн баалуу кагаздарын соодалашкан. 1695-жылы буга чейин алар 150гө жакын компания болгон.[4] Натыйжада, бул акциялардын бир аз бөлүгү активдүү соодаланып, көптөгөн компаниялар иштегенге жөндөмсүз болуп чыкты. 1690-жылдардагы англиялык IPO көбүгү кээде 1990-жылдардагы дот-ком көбүгү менен салыштырылат.

Лондон фондулук биржасынын негизги индекси 1984-жылдын 3-январында ишке киргизилген FTSE100 болуп саналат. Ал Лондон фондулук биржасында бааланган эң чоң капитализациялоосу менен 100 компанияны бириктирет.[5] 2020-жылы Лондон фондулук биржасынын жалпы кирешеси £2124 миллион фунт стерлингди (2019-жылы £2056 миллион фунт стерлинг) түзгөн.[6] Лондон биржасы 2021-жылга чейин эл аралык биржа соодасынын 50 пайызга жакынын түзгөн. 2021-жылы Лондон фондулук биржасында акциялардын орточо күнүмдүк жүгүртүүсү €8,6 млрд. еврону түзгөн.[7]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. London Stock Exchange Group Plc. londonstockexchange.com. Текшерилген күнү 1 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  2. History of The Stock Market. bebusinessed.com. Текшерилген күнү 1 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  3. La prima Borsa di Londra: Royal Exchange. londonita.com. Текшерилген күнү 1 -ноябрь (жетинин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 25 -февраль (бирдин айы) 2017.
  4. Best United Kingdom Brokers Guide. comparebrokers.co. Текшерилген күнү 1 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  5. L'indice borsistico di Londra FTSE 100. strategia-borsa.it. Текшерилген күнү 1 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  6. A leading financial markets infrastructure and data provider. lseg.com. Текшерилген күнү 1 -ноябрь (жетинин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 24 -март (жалган куран) 2021.
  7. Amsterdam Topples London as Europe’s Main Share-Trading Hub. bloomberg.com. Текшерилген күнү 1 -ноябрь (жетинин айы) 2021.