Лопухова Пелагея Васильевна
Көрүнүш
Лопухова Пелагея Васильевна (1918, азыркы Казакстан, Жувалы району, Бурно-Октябрь айылы – 1999, Талас облусу, Киров (азыркы Кара-Буура району) – тамеки өстүрүүчү, Социалистик Эмгектин Баатыры (1950). Киров районундагы Калинин атындагы колхоздун тамеки өстүрүүчү бригадасынын звено башчысы болуп иштеген. Анын звеносу тамеки түшүмүн жогорулатууда чоң ийгиликтерге жетишкен. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты (1951–59). Эки Ленин ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7