Лот (курал)

Википедия дан

Лот (курал) - (голл. lood), кемеден суу тереңдигин өлчөөчү курал. Линге (чайырга чыланган аркан) байланган коргошун чөгөрүлөт жана аралык белгилери деңиз саржаны (деңиз саржаны 6 фут=1,83 м) же кээде метр менен алынат. Лот колго алып жүрмө (жүктүү линь), механикалык (суу түбүндөгү гидростатикалык басымды каттоочу приборлуу зым аркан) жана гидроакустикалык (эхолот) болуп айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7