Лоуэлл Роберт

Википедия дан

Лоуэлл Роберт (1. 3. 1917, Бостон – 12. 9. 1977, Нью-Йорк) – америкалык акын, котормочу. Лирикасында (жыйнактары: «Лорд Уиринин сепили», 1946; «Этюддар», 1959; «Союз үчүн курман болгондор», 1964; «Күн артынан күн», 1977) автобиографизм менен тарыхты түшүнүүгө умтулуу, өзүн өзү жемелөө, аргасыздык, адеп-ахлакка болгон ишеним чагылдырылган. Соңку ырларында сезимди эркин билдирүү, түйшөлүү, форманын тактыгы, тилинин жеткиликтүүлүгү, жогорку чеберчилик менен айкалышкан. Ар түрдүү доорлордогу жана өлкөлөрдөгү акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7