Луговой баткак кени

Википедия дан

Луговой баткак кени – Чүй өрөөнүндө дарылык касиети бар баткак жаткан жер. Аламүдүн районунда, Луговой кыштагынын түндүк-чыгышында. 1964-ж. табылган. Кен Чүй дарыясынын жайылмасындагы 2-тектирчеде жайгашып, байыркы көл чөкмөлөрүнөн пайда болгон илээшкек-чымкөңдүү баткактан турат. Баткак катмарынын түзүлүшү өтө татаал: үстүнкү кыртышы (20 см) кара күрөң түстөгү чириндиге айланган чымкөң (0,55–1,3 м); күрөң түстөгү жука чымкөң тилкелери бар ийилгич, илээшкек тунма (0,3–1,5 м); арасында 20 смге чейинки илээшкек тунма баткагы кездешкен кара күрөң чымкөң (1,5 м); чымкөң түрүндөгү илээшкек тунма (0,4–1 м) баткак. Орточо калыңдыгы 2,9 м. Баткак өтө нымдуу (82%), өсүмдүктөрдүн чириндиге айланышы 96%. Күкүрттүү суутек 0,037–0,16%. Баткактын суюк ылайы гидрокарбонат-кальцийлүү, минералдануусу 1,9–3,8 г/л. Запасы 611,1 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]