Лудчулар

Википедия дан

Лудчулар – 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында Улуу Британиядагы машинанын өндүрүшкө киргизилишине каршы чыккан жумушчу кыймылынын катышуучулары. Өзүнүн жип ийрүү станогун талкалаган Нед Луддун ысмына байланыштуу аталып калган деген жоромол бар. Лудчулар өндүрүшкө машиналарды киргизүү жумушсуздукту пайда кылып, эмгек шартын оордотот деген түшүнүк менен машиналарды, ошондой эле ф-каларды да талкалашкан. Лудчулардын алгачкы көтөрүлүшү 18-кылымдын 60-жылдарынын аягында Ноттингем жана Шеффилдде башталып, 70-жылдардын аягы – 90-жылдардын башында Ланкашир, Уилтшир жана башка графтыктарга, 1811–13-ж. өтө күчөп, Арнолд, Ноттингем, Лидс, Шеффилд, Манчестер жана башка шаарларга тараган. 1812-ж. Лудчуларга каршы өлүм жазасы киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7