Лузанова Екатерина Сергеевна

Википедия дан

Лузанова Екатерина Сергеевна (1955, Казакстандын Көкчөтөө обл., Зереңцин району, Викторовка айылы) - музыка таануучу жана композитор, искусство таануу илимдеринин кандидаты.

Атасы музыка күйөрманы болгондуктан, Лузанова секелек кезинен музыкага кызыгат.

  • 1968-ж. балдардын П. Шубин атындагы музыкалык мектепте окуйт.
  • 1974-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкоев атындагы музыкалык-хореографиядык окуу жайынын теоритикалык бөлүмүн,
  • 1980-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институн бүтүрөт. Композициядан Кыргаз Республикасыиын эл. артисти М. Абдраевден, К. Молдобасановдон сабак алат.
  • 1979-ж. институттун музыка таануу, 1980-ж. композиция адистиктерин бүтүрөт.
  • 1981-85-ж. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын философия жана укук институтундагы эстетика жана искусство таануу секторунда аспирантурада окуган.
  • 1988-жылдан Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда агамугалим, кафедра башчысы,
  • 1993-жылдан Кыргыз улуттук консерваторияда кафедра башчысы, илимий иштер боюнча проректор. Кыргыздын музыкалык искусствосунун өнүгүшү, ар кандай маселелери жөнүндө борбордук, республикалык газета-журналдарга ондогон макалаларды жарыялаган.
  • 1987-ж. СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүне кабыл алынат. Кыргыз композиторлорунун чыгармачылыктарын, айрыкча, кыргыз балеттеринин музыкасын иликтейт. «Кыргыздын балеттик музыкасы», (К. Дүйшалиев менен бирдикте), кыргыздын элдик музыкалык чыгармачылыгын, А. Жумакматовдун «Оркестрдеги менин тагдырым» эскерүү китебин адабиятташтырган. Ондогон илимий макалаларды, очерктерди жарыялады. Ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.