Луи Пастер

Википедия дан

Пастер Луи (французча Louis Pasteur; 27. 12. 1822, Франция, Юра департаменти, Доль – 28. 9. 1895, Парижге жакын Вильнев-л` Этан) – француз микробиологу жана химик, азыркы микробиологияны жана иммунологияны негиздөөчү. Париж Илимдер Академиясынын (1862), Франция медициналык академиясынын (1873) жана Франция академиясынын (1881) мүчөсү. Петербург Илимдер Академиясынын чет элдик ардактуу корр. мүчөсү (1893). Жогорку нормалдуу мектепти бүткөн (1847). Страсбург (1849), Париж (1867) ж. б. университеттердин профессору 1888-ж. уюшулган Микробиология илимдер изилдөө институнун биринчи директору. Пастердин молекуланын оптикалык асимметриясы тууралуу алгачкы ачылышы стереохимиянын негизин түзгөн. 1857-жылдан ачытуу процессин изилдеп, анын ар кандай микроорганизмдердин аракетинен болорун далилдеген. Шарап жасоо, пиво кайнатуу ж. б. тамак-аш өнөр-жай тармактарын илимий жактан негиздеп, аларды бузулуудан сактоо үчүн пастерлөөну сунуш кылган. Пастер жибек куртунун ыландарынын жугуштуулугун аныктап (1870), аны менен күрөшүү чараларын иштеп чыккан. Бир нече жугуштуу ооруну (сибирь жарасы, кутурма ж. б.) изилдеп, аларды бөтөнчө козгогучтар пайда кыларын далилдеген, сибирь жарасына каршы эмдөөнү сунуш кылган (1881). Э. Ру менен бирге кутурманы изилдеп, ага каршы 1885-ж. биринчи болуп эмдөө жүргүзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]