Лукьяненко Павел Пантелеймонович

Википедия дан

Лукьяненко Павел Пантелеймонович (27. 5(9. 6). 1901, Кубань облусу, Иванов станциясы – 13.6.1973, Краснодар шаары) – селекционер, СССР ИАнын (1964), В. И. Ленин атындагы Бүткүл союздук айыл чарба илимдер академиясынын (1948) академиги. Эки жолку Социалистик Эмгектин Баатыры (1957, 1971). Кубань айыл чарба институтун бүтүргөн (1926). 20- кылымдын 30-жылдарынан баштап мол түшүмдүү, дат илдетине туруктуу, жогорку сапаттагы ун алынуучу күздүк буудай сортторун чыгаруу боюнча илимий селекциялык иштерди жүргүзгөн. Лукьяненко – күздүк буудайдын райондоштурулган 15 сортунун автору. СССР мамлекеттик сыйлыгы (1946, 1979), Ленин сыйлыгы (1959) лауреаты. Үч Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7