Лунатизм

Википедия дан

Лунатизм - уктап жатып туруп жүрүп кетүүчү адамдагы оору. Бул термин медицинада сомнамбулизм деген сөз менен да айтылат. Аталган оору психикалык жабыркоонун белгисин билдирет. Лунатизм капысынан пайда болуп, 5 мүнөттөн жарым саатка чейин созулат. Кээде гана бир нече саатка созулушу мүмкүн. Лунатизм менен дүйнөнүн 2,5 пайыз калкы ооруйт жана көбүнчө 17ден 22 жашка чейинки психикалык жактан өнүкпөй калгандарда кездешет. Ошондой эле өспүрүм курактагылар да кабылышат. Анткени бул убакта адамдын организми, психикасы өзгөрүүгө дуушар болот. А 11 жашка чейинки балдардын болсо 15 пайызы лунатизм менен оорушат. Анткени бул курактагылар туйгуч келип эмоциясын башкара алышпайт. Ал эми чоңдордо миңден бири гана лунатизм менен оорубаса, көп кездешпейт. Демек, бул лунатизм жаш өткөн сайын жоголот дегенди билдирет.

“Лунатиктердин” өзгөчөлүктөрү

1. Лунатизмге чалдыккан адамдар уктап жаткан жеринен туруп басып эле кетпестен, ар кандай иштерди адашпастан, туура жасашат. Мисалы, кир жууп, идиш жууп, үй жыйнап дегендей. Кайсы бир өлкөдө мындай окуя катталган: чыгармачылыктан таптакыр алыс болгон адам лунатизмге кабылып, натыйжада түнкүсүн укмуштуудай сүрөт тарткан. Бирок кийин кайра бул таланты кайтып келген эмес.

2. Бардык эле “лунатиктер” окшош кыймылдарды жасай беришпейт. Айрымдар басып кетпестен, бир орунда туруп же керебетинде жөн гана отура беришет. Кээ бирөөлөр үйүнөн чыгып көчөдө эки жакка басып жүрө беришет. Кээси машина токтотуп бир жактарга кетип калат. Мындай учурда жакындары жанында болуп көзөмөлдөгөндөрү оң.

3. “Лунатиктердин” бул оору убагында көзү ачык да, жабык да болот. Бирок эч нерсени көрбөйт жана кабыл албайт. Суроо берсең жооп берип, кээде ырдап да жиберет.

4. “Лунатиктерди” ойготуу көп учурда натыйжасыз болот. Адистердин айтымына караганда, “лунатиктерди” далысына чаап, же кыйкырып ойготуу абалды татаалдаштырат. Алар лунатизм убагында өздөрүн өз үйүндө эмес, башка жерде сезгендиктен катуу чочутуп ойготуу аларды оор психикалык ооруга алып келиши мүмкүн, өзгөчө жаш балдар үчүн кооптуу.

5. Лунатизмге кабылган адам эртең менен өзүн түнкүсүн сонун уктагандай сезип эч нерсе эсинде калбайт.

6. Лунатизм ай толгон маалда гана башталат. Муну байыркы убакта айдын цикли адамдын психикасына таасир этет деп түшүнүшкөн. Бирок изилдөөчүлөр айдын фазаларына эмес, адамдын эмоционалдык абалына байланыштуу экендигин аныкташкан.

7. Бул оору менен көбүнчө аялдар жабыркашат. Анткени эркектерге караганда аялдар эмоционалдуу келишет.

8. Лунатизм өзгөчө түнкүсүн кармайт. Бирок жаш балдарда күндүз да бала бакчада же үйдө уктап жатканда кармай берет.


Лунатизмдин себептери

1. Фаталдуу көрүнүштөр. Мисалы, сасык тумоо убагындагы жогорку температура. Мындай учурда адам жарым-жартылай сандырактап эмне кылып жаткандыгын көзөмөлдөй албай калат.

2. Чала уйку, күчтүү стресс. Анткени лунатизм баш мээнин иштөөсү менен байланыштуу. Бул себептерден улам лунатизмге психикалык саламаттыгына көңүл бурбаган чоңдор кабылат.

3. Кыжалат болуу, коркуу. Мисалы, бала коркунучтуу тасма көргөндө, ата-энеси урушуп жатса, же биринчи жолу мектепке баруудан толкунданып жатса анын мээси эмоция, толкундоолорду көтөрө албай, жыйынтыгында түнкүсүн жакшы уктай албай, кечке ойлонуп атып лунатизмге кабылат.

4. Тукум куучулук себеп. Илимий изилдөөлөр далилдегендей, лунатизм укумдан-тукумга өтөт. Тагыраагы, ата-эне экөө тең бала кезинде же чоңойгондо лунатизмге кабылган болсо, балдары да дуушар болот. Толук өтпөсө да жок дегенде түнкүсүн колу-буттарын кыймылдата берген адат пайда болот.


Лунатизм эмнеси менен кооптуу?

 Лунатизм адамдын ден соолугуна коркунуч деле жаратпайт. Болгону сыртынан караган адамда коркууну жаратат. Бирок бул убактылуу эле оору болгондуктан коркуунун кажети жок. Эгер дайым эле кайталана берсе, дарыгерге кайрылуу керек. Анткени эпилепсия сыяктуу олуттуу нерв ооруларынын башталышы болушу мүмкүн. Андан сырткары лунатизм учурунда адам кандайдыр бир жагымсыздыктарга туш келиши ыктымал. Мисалы, басып баратып терезеден кулап, же сууга түшүп кетет. Бул убакта алардын сезүүсү жоголгондуктан жаракат алганын да билишпейт. Статистикалык маалыматтарга караганда, “лунатиктердин” 25 пайызы ушул оорудан улам ар кандай жаракат алышат. Өнөкөт лунатизм суицид же адам өлтүрүүгө алып келиши мүмкүн.


Эмне кылуу керек?

 “Лунатиктерди” лунатизм маалында жөн гана керебетине алып барып жаткырып, үстүн жылуу жаап коюу керек. Акырындык менен нормалдуу уктоого өтөт. Көпчүлүк учурда өздөрү эле керебетине барып уктап калышат. Же болбосо жаракат алып калбашы үчүн коопсуздугун камсыз кылуу зарыл. Жерден электр зымдарын алып, терезени темир тор менен тосуп, айнек буюмдарды алысыраак коюу керек. Эгер абдан оор абалга өтүп кетсе, “лунатикти” керебетке байлап, бөлмөгө камап салуу оң. Көп көңүл буруп, психикалык саламаттыгын көзөмөлдөп турсаңыз, андай оор абалдын алдын алган болосуз.


“Лунатиктерге” кеңештер:

– Алкоголдук ичимдиктерден, курамында кофеин бар суусундуктардан алыс болуңуз;

– Дайым уктар алдында физикалык көнүгүүлөрдү жасап туруңуз;

– Ар дайым бир убакытта уктап, бир убакытта турганга аракет кылыңыз;

– Укалоо курсуна барып, сейилдеп стрессти азайтыңыз;

– Толук кандуу эс алыңыз.


Лунатизм тууралуу коркунучтуу окуялар

– Канадалык Кеннет Паркс деген киши 20 жашынан баштап лунатизм менен ооруй баштаган. Анын себеби жумушунан айдалгандыгы, кумар оюндарына берилип карызга баткандыгы болгон. 1987-жылы 23-майда түнкүсүн бул оорусу кармап 22 чакырым жердеги кайнене-кайнатасынын үйүнө басып барып кайненесин бычак менен сайып өлтүрүп, кайнатасын оор жарадар кылып койгон.

– Лунатизм менен ооруган австралиялык аял түнкүсүн оорусу кармаганда үйүнөн чыгып бейтааныш адам менен төшөк оюнуна барган. Бул жагымсыз окуя бир нече айга созулуп, бирок аны аял өзү да, күйөөсү да сезген эмес.

– Англияда 15 жаштагы кыз лунатизмдин кесепетинен түнкүсүн көчөгө чыгып кетип, курулуш жүрүп жаткан жерге келип 40 метр бийиктиктеги крандын үстүнө чыгып уктап калган. Куткаруучулар куткарганда кыздын жанында уюлдук телефон болгон. Көрсө, ал кыз өнөкөт лунатизм оорусу менен ооруп жүргөн жана ата-энеси аны ойготуу үчүн чөнтөгүнө атайын телефон салып коюшкан.

– Англиялык 55 жаштагы дагы бир аялда түнкүсүн туруп алып тамак жеген адаты болгон. Натыйжада аз убакытта эле семирип кеткен. Тамак жеп эле тим болбостон, газды күйгүзүп тамак жасаган. Кээде газды өчүрбөй уктап калган. Мындан да коркунучтуусу – вазелин, боёк, айна, идиш жуучу каражаттарды да жеп жүргөн. Ошондуктан ал үйүндөгү бардык эшиктерге сигнализация орнотуп койгон, мунун жардамы менен оорусу кармаган түнү үйүндөгүлөр ойгонуп аны ар кандай кырсыктардан сакташкан.

– Францияда 8 жаштагы бала лунатизмдин айынан 4-кабаттагы үйүнүн терезесинен түшүп кетип өмүр бою майып болуп калган. Интенеттеги шилтемелер http://lady.kg/node/2953 Archived 2016-06-06 at the Wayback Machine