Любищев Александр Александрович

Википедия дан

Любищев Александр Александрович (5 (17). 4. 1890, Санкт-Петербург – 31.8.1972, Тольятти) – орус биологу, илим тарыхчысы, философ. Санкт-Петербург университетин бүтүргөн (1911). Таврия (Крым, 1918–21) жана Пермь (1921–27) университеттеринде иштеген. Саратов айыл чарба институтунда (1927–36) жана Ульяновск педагогикалык институтунда (1950–55), Украинанын (1937–41) жана Кыргыз ССРинин (1941–50) ИИИлеринде иштеген. Негизги илимий иштери биологияда математикалык ыкмаларды колдонуу, айыл чарба энтомологиясы жана өсүмдүк коргоо, систематика теориясы, эволюциялык окуу, атеизм жана философия боюнча. Жалпы биологиялык, тарыхый жана философиялык иштери сындоо маанисинде болгондуктан, көзү тирүүсүндө жарыяланган эмес. Номогенезди жактоочулардын бири. Эмгектери: К методике количественного учета и районирование насекомых. Ф., 1958; Дисперсионный анализ в биологии. М., 1986; Филосфия и наука (Любищевские чтения). Ульяновск. 1997.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7