Люминесценциялык анализ

Википедия дан

Люминесценциялык анализ – түрдүү объектилердин люминесценциясын байкоо аркылуу аларды изилдөө ыкмасы.

Люминесценциялык анализде адегенде изилденүүчү объектинин өздүк жаркыроосу же люминофордун жаркыроосу байкалат. Люминесценциялык анализде фотолюминесценция, катод-люминесценция, хемилюминесценция колдонулат.

Сандык жана сапаттык химиялык (спектрдик) Люминесценциялык анализде заттын өздүк жаркыроосу катталат. Сандык химиялык Люминесценциялык анализ – аралашмада заттын топтолушу аныкталат. Сандык Люминесценциялык анализдин сезгичтиги өтө чоң (10-10 г/см3) болгондуктан, ал заттын тазалыгын текшерүүдө колдонулат. Сапаттык химиялык Л. а. аралашмадагы кээ бир затты окшоштурууда жана табууда колдонулат. Бул учурда спектрдик прибордун жардамы менен төмөнкү температурада жана илээшкек эритмеде (май) заттын люминесценция спектринде энергиянын бөлүштүрүлүшү үйрөнүлөт.

Сорттуу Люминесценциялык анализде люминесценция мүнөзүнө жараша бирдей сезилген нерселер айырмаланат. Бул ооруну диаг-ностикалоодо, үрөн жана өсүмдүктүн илдетке чалдыгышын аныктоодо, кыртыштын органикалык курамын аныктоодо колдонулат. Сорттуу Люминесценциялык анализдин жардамы астында нефть менен газдарды, тоотектерин анализдөө жүргүзүлүп, алардын курамы аныкталат.

Люминесценциялык анализ о. эле криминалистикада, калыбына келтирүү иштеринде, дефектоскопияда, гигиенада (ичүүчү суунун сапатын, абадагы зыяндуу заттарды аныктоодо ж. б.) колдонулат. Люминесценциялык анализде колдонулган микроскоп люминесценциялык микроскоп деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]