Лютесценс

Википедия дан

Лютесценс (Lutescens) – жумшак буудай түрү. Европа менен Түндүк Америкада, КМШ өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Лютесценс 46 сорту Кыргызстан дыйканчылык ИИИде татаал гибриддештирүү жолу менен алынган. Машагы (8–10 см) кылкансыз, дандуу, даны кызыл, 1000 данынын салмагы 40,6–45,4 г. Сабагы катуу, жапырылбайт (бийиктиги 90–100 см), жалбырагы ичке. Вегетация мезгили 276 күн, эрте бышат. Унунан даамдуу нан бышырылат. Лютесценс –800 сорту Кыргызстан дыйканчылык ИИИде түр аралык гибриддештирүү (буудайдын кылкансыз 1 сорту менен буудай-буудайыкты) жолу менен алынган. Машагы кылкансыз, ак (узундугу 10–13 см). 1000данынын салмагы 36–40 г, күбүлбөйт. Сабагынын узундугу 130–150 см, жоон, катуу, жапырылбайт. Жалбырагы ичке, узун. Вегетация мезгили 279– 283 күн, кеч бышат. Андан көк тоют, ошондой эле сенаж, силос жана башка даярдалат. Эки сорту тең дат, кара көсөө, чаңгыл кебер илдеттерине туруктуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7