Ляпунов Александр Михайлович

Википедия дан
Александр Михайлович Ляпунов

Ляпунов Александр Михайлович (25. 5(6.6), 1857, Ярославль – 3. 11. 1918, Одесса) – орус математиги жана механиги, Петербург ИАнын академиги (1901; корреспондент мүчөсү, 1900). 1880-ж. Петербург университетин бүтүргөн. Харьков университетинде доцент, 1892-жылдан профессор 1902-жылдан Петербург ИАда иштеген. Ляпунов параметрдин чектүү саны менен аныкталган механикалык системанын кыймылын жана тең салмактуулук туруктуулугунун азыркы теориясын түзгөн; туруктуулук жөнүндөгү маселени чыгаруу үчүн жалпы методду иштеп чыккан. Анын эмгектери кадимки дифференциалдык теңдемелер теориясы, математикалык физика жана математикалык анализ боюнча жазган эмгектери да чоң мааниге ээ. Эмгектери: Собр.: В 5 т. М., 1934–1965.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7