Ляхов аралдары

Википедия дан

Ляхов аралдарыЖаңы Сибирь арал архипелагында. Якутияга карайт. Курамына Чоң Ляхов (аянты 4,6 миң км2), Кичи Ляхов (1,3 миң км2), Столбовой (170 км2) жана эң чакан Семёнов аралы кирет. Бийиктиги 270 мге чейин (Чоң Ляхов). Көп жылдык тоң каптап жатат. Термокарст процессинен пайда болгон көлдөр бар. Ыраң, дан өсүмдүктүү тундра басымдуу, саздуу. 1941-жылдан уюл станциясы иштейт. 1712-ж. ачылган. Орус өнөр жайчысы, саякатчысы, Жаңы Жер аралдарын изилдөөчү – И. Ляховдун ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7