Маалымат жабдуусу

Википедия дан

Маалымат жабдуусу (англ. Dataware - Информационное обеспечение). Маалыматтарды классташтыруу жана коддоштуруу системинин бирдиктүү жыйындысы, документтештирүүнүн өзгөчөлөштүрүлгөн системи, мекемеде кыймылда болгон маалыматтар агымынын схеми, ошондой эле берилиштер базасын түзүү жолдору катары маалымат системинин структурдук компоненти. Маалымат менен жабдууну камтыган системдин милдети башкаруу чечимдерди кабыл алуу үчүн туура маалыматтарды берүү жана өз учурунда калыптандыруу болуп эсептелет. Өзгөчөлөштүрүлгөн документтештирүү системи мамлекеттик, тармактык, аймактык жана корпоративдик деңгээлде түзүлөт. Өзгөчөлөштүрүү максаты болуп мекеме менен өндүрүш иш аракеттеринин ар башка чөйрөсүнүн көрсөткүчтөрүнүн салыштырууну камсыз кылуу саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3