Маалымат киоски

Википедия дан

Маалымат киоски (англ. Information kiosk - Информационный киоск). Маалыматты табуу же кароодо колдонулуп компьютерлештирилген маалымат борбору маалымат киоски деп аталат. Маалымат киоски – жеке компьютердин жабдуулары жана програмдык жабдыктары менен жабдылган өзүн өзү тейлөөчү түзүлүш. Киоск көп учурда берилиштерди киргизүү үчүн сенсордук экран же баскычтоп тактасын колдонот. Колдонууга керек болгон бардык маалыматтар жана берилиштер түздөн түз компьютерде жыйналат. Маалымат киоски көп учурда коомдук орундарды маалымат менен камсыз кылууга арналган. Сунуш кылынган кызматтар буюмдардын жайгашкан орундары жана башка маалыматтар менен камсыз кылуу максатында соода борборлорунда, мейманканаларда жана аэропорттордо колдонулат. Атайын экспонаттардын же тексттердин орундарын табуу үчүн китепкана жана музейлерде орнотулат. Маалымат киоски ошондой эле интерактивдүү мултимедиа маркетингинде колдонулат. Мисалы, кыска суроо-жооп жүргүзүү менен сунуш кылынган буюмдар канча деңгээлде канааттандыраары, дүкөндө тейлөөнүн деңгээли жана кайсы буюмдар көп суралаары аныкталат. Мултимедиа буюмдарды экстенсивдүү түрдө сатууда жана маркетинг иштерин уюштурууда жана башка өнөр жай тармактарында көп колдонулат. Мултимедиа програмдык жабдыктары, жөнөкөй жана арзан маалымат каражаты болуп саналган коммерстик телекөрсөтүүлөрдү түзүүгө мүмкүндүк берүүдө. Графикти көрсөтүүчү програмды пайдаланып маркетингтик көрсөтүүлөрдү түзүүдө мултимедиа колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3