Маалымдама адабият

Википедия дан

Маалымдама адабият — ар кандай мүнөздөгү маалыматтарды (илимий, колдонмо ж.б.) алууга ылайыкташтырылган басма чыгармалары.

Маалымдама адабиятта маалымат мүмкүн болушунча толук жана так берилип, абдан кыска, түшүнүктүү жазылып, тез табууга ыңгайлуу жайгашат. Маалымдама адабияттын көбү маалымдама макалалардан туруп, алардын мазмуну, көлөмү, формасы маалымдамалардын тибине жана түзүлүшүнө жараша болот.

Маалымдама адабият тармактык маалымдама жана универсалдык типтеги басылма, ошондой эле комплекстүү көйгөйлөр же көйгөйлөр циклин чагылдыруучу маалымдамалар деп бөлүнөт. Маалымдама адабияттарга энциклопедия, энциклопедиялык сөздүктөр, лингвистикалык жана терминологиялык сөздүктөр, жалпы маалымдамалар, ар кандай маалымдама-маалыматтык адабияттар кирет. Маалымдама адабияттын көбөйүшү илимий маалыматтык тутумдардын өнүгүшүнө тыгыз байланыштуу.

Эл аралык экономикалык, илимий жана маданий байланыштардын кеңейиши менен эл аралык маалымдама басылмалар да көп чыгарыла баштады.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9