Маанаева, Доктуркан

Википедия дан

Маанаева Доктуркан (Санырабига) (1951–2007) - акын, драматург. Тоң районунун Төрт-Күл айылында 1951-жылы 24-мартта туулган.

1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

1973–1996-жж. Республикабыздын радио уктуруу, телекөрсөтүү жана басма сөз кызматтарында журналисттик кесипте эмгектенип, 1973-жылы Ташкендеги Бүткүл Союздук телерадио кызматкерлеринин адистигин жогорулатуу институтунда окуп кел-ген.

1981-жылы алгачкы «Көгүлтүр таң» пьесасы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу драма театрында сахналаштырылган.

Акындын бир топ ырларына Мукан Рыскулбеков, Адылбек Кыязов, Кенжегул Мендебаиров сыяктуу обончулар обондорду жазышкан.

1996–2007-жж. Кыргыз улуттук университетинде кыргыз тилинен сабак берген.

Экономикалык факультеттердин студенттерине арналган окуу китебинин авторлошу.

2008-жылы «Акындын көгүлтүр таңы» аттуу пьесасы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында коюлган.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Таазим: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 40 б.
  • Маанаева Д. Ырлар / К-те: Айкөлдүгү Манас баба өңдөнүп. – Б.: Мегамедиа, 2008. – 527 б. – 277–282-бб.
  • Маанаева Д.Б., Алдашева К.Б., Нааматова В.С. Кыргыз тили боюнча оозеки кепти өнүктүрүү (экономика департаментинин студенттери үчүн окуу куралы ). – Б.: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин типографиясы, 2007. - 70 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]