Мавлянов Шаяким

Википедия дан

Мавлянов Шаяким (1931, Шакафтар айылы - 1984, Айрытам айылы) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери, СССР элге билим берүүсүнүн отличниги.

Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1953), Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн. “КөкТаш” мектебинде мугалим, директор, 1959-жылдан “1-Май” орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6