Магдебeрг

Википедия дан

Магдебeрг – Германиядагы шаар. Эльба дарыясынын боюнда жайгашкан порт. Саксония-Анхальт жеринин (земля) административдик борбору. Калкы 230,1 миң (2010). Ири жолдор тоому. Магдеберг аркылуу трансъевропа темир жол магистралы Москва – Варшава – Берлин – Ганновер – Рур – Париж, ошондой эле Берлин – Дортмунд жана Дрезден – Магдебург темир жолдору жана жогорку ылдамдыктагы бир нече федерация автомагистралдары өтөт. Өлкөнүн маанилүү маданий-тарыхый очогу. Шаар 805-жылдан белгилүү. 968-жылдан архиепископтуктун борбору. Машина куруу, химиялык-фармацевтика, тамак-аш–татымал, булгаары–бут-кийим, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Магдебергде Европадагы алгач шаар укугу (Магдебург укугу; шаар тургундарынын укугу жана эркиндиги юридикалык жактан бекитилген) кабыл алынган. Соңку готика стилиндеги собор (13–16-кылым), роман чиркөөлөрү (11–13-кылымда) сакталган. Ратуша жайгашкан аянтта Магдебург чабендесинин статуясы (13-кылымда) орнотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]