Магнезит

Википедия дан

Магнезит (Гренландиядагы Магнезиа деген жердин атынан) – 1) карбонаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы MgCO3. Курамында 47,22% MgO, 52,18% CO2, кошумча түрдө Fe, Mn, Ca кездешет. Кристаллдык түзүлүшү кальцит сыяктуу. Өңү-түсү ак, саргыч боз. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,75–4,25. Тез талкаланып, морт болот. Салыштырма салмагы 3,0. Кендери туздуу жана гипстүү тектерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ультранегиздүү тектердин өзгөрүшүнөн гидротермдүү эриндилери келип чыгат. Метаморфизм процессине дуушар болгон доломитте кездешет; 2) магнезиттен турган жана кристаллданган тоо тек. Гидротерм, инфильтрация жана чөкмө жолу менен пайда болот. Химиялык сырьё катары цемент, карапа, кагаз Өнөр жайында колдонулат; 3) магний кычкылынан (1–10%) турган отко чыдамдуу материал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]