Магний оксиди

Википедия дан

Магний оксиди, MgO – түссүз кристалл, тыгызд. 3,58 г/см3, эрүү t 28000С, кайноо

t 36000С, сууда начар эрийт. Майда ак күкүм түрүндөгү, б. а. аморфтук MgO абадан суунун буусу менен СО2 сиңирип алып, Mg(OH)2 жана MgCO3 пайда кылат. Суюлтулган к-талар

м-н реакциялашып, тиешелүү туздар, метил спирти менен (СН3О)2Mg – магний метилаты, магний туздары эритмелери менен аракеттенишип негизги туздар пайда кылат. Темп-ранын жогорулашы менен анын реакцияга жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Жогорку темп-рада ысытылган MgO суу менен кошулбайт, к-тада эрибейт. Ага Al2O3, Fe2O3, Cr2O3 жана башка оксидди кошуп ысытуудан MgM2O4 шпинели пайда болот. Жогорку темп-рада К, Са, Si, СаС2 менен металлга чейин калыбына келет. Жаратылышта минерал түрүндө кездешет. Ө. ж-да магнезит, доломит күйгүзүүдөн, магний сульфатын, гидроксокарбонатын ысытып ажыратуу менен алынат. М. о. медицинада, нефть продуктуларын тазалоодо, отко чыдамдуу буюм жасоодо, курулуш материалдарын алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]