Магнит

Википедия дан

Магнит (кырг. караба) (грекче Magnзtis lithos – Магнесиянын ташы) – өздүк магнит талаасына ээ болгон зат. Темир, болот ж. б. у. с. заттарды өзүнө тартуу касиетине ээ болгон заттар алгач Магнесия шаарында (Кичи Азия) табылган. Магнит табигый (кен казууда алынат) жана жасалма (электр тогунун жардамында алынат) түрдө кездешет. Магнитти мүнөздөөчү негизги касиет болуп анын түндүк (N) жана түштүк (S) уюлдары эсептелет. Бирдей уюлдарын жакындатсак, алар түртүлүшөт, карама-каршы уюлдарын бириктирсек тартылышат. Мындай өз ара аракеттенишүүлөр магниттик талаанын аракетинин натыйжасында жүрөт. Заттар магниттик касиеттери боюнча эки топко бөлүнөт: парамагнит жана диамагнит. Магнитти илимий жактан изилдөө алгач орус окумуштуусу П. Перегрин («Магнит жөнүндө китеп»), англиялык врач У. Гильберт («Магнит жөнүндө») тарабынан жүргүзүлгөн[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кандай магниттик ар кандай түрлөрүн турат