Магнитохимия

Википедия дан

Магнитохимия  - Зат хим. түзүлүшү менен анын магниттик касиетинин ортосундагы байланышты жана магнит талаасынын хим. бирикмелер реакцияга катышуу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасирин изилдөөчү бөлүгү. Заттын магниттик жана хим. касиеттери ортосундагы закон ченемдүү байланышты изилдөөнү алгач 1851-ж. Ю. Плюккер баштаган. М. диамагниттик орг. бирикмелер кеңири изилденген. Аны 1910-ж. фр. химиги П. Паскаль жүргүзгөн жана М. терминин киргизген. Бул бирикмелер молекулалык магниттик кабылдоочулугу (cм) мол-ны түзгөн атомдун магниттик кабылдоочулугу (cа) суммасына барабар: cм =h а.а+l мында l — атомдор ортолук байланыштын жаратылышына көз каранды болгон түзөтүү. Бул жобону диамагниттик орг. эмес иондук кристаллдар үчүн Я. Г. Дорфман 1961 -ж. иштеп чыккан. Өлчөнүп алынган магниттик кабыддоочулукту кошуучулук жобосу б-ча эсептелген кабылдоочулукка салыштыруу менен мол-нын хим. түзүлүшүн, атомдор өз ара байланышын, комплекс түзүүнү жана башка аныктоого болот. М. парамагнитиктер изилдөөдө алардын эксперименттен алынган магниттик моментин (mэкс) теориялык жактан эсептелген магниттик моментине (mтеор) салыштырып молекуланын хим. түзүлүшү аныкталат: mэкс =( m пара .T) 1/2 мында mпара — парамагниттик зат магниттик кабылдоочулугу, Т — абсолюттук темп-ра. хтеор чоңдугу жалпы учурда молекуланын 8-факторуна жана кванттык сандарына көз каранды. Парамагнитиктер азыркы М. X. Бете (1929) жана Дж. Ван Флек магнетизм теориясына таянат. Бул теория б-ча, мис., координаттык бирикмелер мол-ларынын парамагнеттик касиети алардын жупталбаган электрондору, кристаллдык (лигандык) талаанын чыңалышы жана симметриясы менен аныкталат. mэкс чоңдугунун темп-ралык көз карандылыгы б-ча металл окистенүү өлчөмүн, комплекстер ичиндеги жана иондор аралык өз ара байланыштын жаратылышын, мейкиндиктеги түзүлүшүн жана координаттык сфералары симметриясын билүүгө болот. Парамагниттик кабылдоочулук диамагне-тике караганда алда канча чоң болгондуктан М. ыкмалары ферромагнетиктер кошундусун табуу үчүн колдонулат. М. зат хим. теңдештигине, андагы ар кандай кубулуштар кинетикасына, хим. реакциялар механизмине магнит талаасынын тийгизген таасирин изилдөө чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]