Магниттениш

Википедия дан

Магниттениш – макроскоптук нерселердин магнит абалынын мүнөздөмөсү. Магниттениш жөндөмдүүлүгү бар заттар магнетиктер деп аталат. Магнит талаасында ар түрдүү заттар магниттелүү менен магнит талаасынын булагы болуп калышат. Бир тектүү магниттенген телонун магниттениши J=M/V. Эгер бир тектүү эмес магниттенсе, магниттениш телонун ар бир чекити үчүн өзүнчө аныкталат: J=dM/dV, dM–dV – көлөмүнүн магнит моменти. Эл аралык бирдиктер системасында (СИде) – 1 A/м, башкача айтканда 1 м3 көлөмдөгү зат 1 A м2 магнит моментине ээ. СГСде – эрг/(Гс·см3). Нерсенин магниттениши сырткы талаанын чыңалышынан (Н), ал нерсенин магниттик касиетинен, өлчөмүнөн, температурадан көз каранды. Заттын талаасынын чыңалышы НЗ менен талаанын чыңалышынын ортосундагы катыш төмөнкүчө жазылат: НЗ =Н–NJ. N – магнитсиздендирүүчү фактор. Изотроптук заттарда Jнын багыты магнит талаасынын чыңалышынын багыты менен дал келет жана анизотроптук чөйрөлөрдө багыттары боюнча ар башка болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]