Магниттик жүргүзгүч

Википедия дан

Магниттик жүргүзгүч - ротору чукул туташтырылган үч фазалуу асинхрондук кыймылдаткычтарды, электр ысыткычтарды ж. б. өзгөрмө токтун приборлорун аралыктан иштетүүгө, токтотууга жанa чоң чыңлуудан сактоого арналган түзүлүш.

Магниттик жүргүзгүч контактордон, иштеткич, токтоткуч кнопкалардан жанa жылуулук релесинен түзүлөт. Анын контакт системасы электрмагниттик кыймыл бергич менен иштейт. Реверсивдүү (ток багытын өзгөртүүчү), реверсивсиз ж. б. түрлөрү бар. Реверсивдүү Магниттик жүргүзгүч бир убакта ишке кирбегендей кылып мех. түрдө блоктоштурулган жанa электр кыймылдаткычтардын айлануу багытын өзгөртүүгө мүмкүн болгон эки контактор­дон турат.

Реверсивсиз Магниттик жүргүзгүчтүн схе­масы сүрөттө көрсөтүлгөн. Магниттик жүргүзгүч чыңалуусу 36—660 в болгон, кубаттуулугу 0,6—250 катка жеткен кыймыдаткычтарды башкаруу үчүн чыгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.