Магниттик илээшкектик

Википедия дан

Магниттик илээшкектик – сырткы магнит талаасынын чыңалышынын өзгөрүшүнөн ферромагнетиктин магниттик мүнөздөмөлөрүнүн (магниттелиш, магнит өткөрүүчүлүк ж. б.) өзгөрүшүнүн убакыт боюнча артта калышы.

Магниттик илээшкектиктин натыйжасында заттардын магниттелишинен талаанын чыңалышы өзгөргөндөн 10-9 с дан же бир нече сааттан кийин байкалат. Магниттик илээшкектиктин жаратылышы ферромагнетиктин структурасына, анын магниттелишинин шартына жана температурага көзкаранды. Магниттик илээшкектиктин 1-түрү өткөргүчтө куюндуу микротоктун пайда болушуна байланыштуу. Микроток өткөргүчтө магнит талаасы өзгөргөн учурда пайда болот. Магниттик илээшкектиктин 2-түрү ферромагнетиктерге кирген кошулма атомдорго байланыштуу болот. Кошулма атомдордун диффузиясы локалдык анизотропияны пайда кылат. Ошондуктан магнит талаасынын өзгөрүшү менен жаңы домендик структура ошол заматта пайда болбостон, кошулманын диффузиялык кайра бөлүштүрүлүшүнөн кийин гана калыптанат. Магниттик илээшкектиктин 3-түрү ферромагнетиктердеги локалдык жылуулук флуктуациясы менен түшүндүрүлөт. Магниттик илээшкектиктин термофлуктуациялык түрү магнит талаасынын аймагында байкалат. Магниттик илээшкектиктин 2-, 3-түрлөрү температурага көзкаранды: температура азайган сайын Магниттик илээшкектиктин өсүшү байкалат. Айрым ферриттерде Fe2+ жана Fe3+ иондорунун арасындагы электрондордун диффузиясы Магниттик илээшкектикке (4-түрү) салым кошот. Кайра магниттөөгө кеткен жоготуу, өткөрүм-дүүлүктүн убактылуу төмөндөшү, өткөрүмдүүлүктүн жыштыкка көзкарандылыгы Магниттик илээшкектик менен тыгыз байланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]