Магниттик оптика

Википедия дан

Магниттик оптика – магнит талаасынын таасири менен заттардын оптикалык касиеттеринин өзгөрүшүн үйрөтүүчү физиканын бөлүмү.

Магниттик оптиканын кубулуштарынын басымдуу көпчүлүгү атомдун энергиялык деңгээлдеринин ажыроосу менен байланышкан. Бул ажыроо Зееман эффектисинен байкалат. Магниттик оптиканын эффектилери Зееман эффектисинен келип чыгып, өзгөчө Зеемандык оптикалык өтүштөрдүн поляризациялык мүнөздөмөлөрү менен байланышкан. Жарыктын (талаанын багыты б-ча) узатасынан таралышында сынуу көрсөткүчү жарык үчүн оң жана сол айлануу поляризацияларында ар түрдүү болуп калат, ал эми сызыктуу поляризацияланган монохроматикалык жарык чөйрө аркылуу өтүү м-н, поляризация тегиздигин айландырат. Бул кубулуш Фарадей эффектиси деп аталат. Жарык магнит талаасына перпендикуляр таралганда сызыктуу поляризация үчүн сынуу көрсөткүчтөрүнүн айырмачылыгы сызыктуу магниттик кош сынуу кубулушун берет. Магнит талаасындагы чөйрөнүн оптикалык анизо-тропиясы жарык беттен чагылган учурда да пайда болот. Чөйрөнүн магниттелишинде чагылган жарыктын поляризациясы өзгөрөт, анын мүнөзү жана даражасы бетке түшкөн жарыктын поляризация тегиздигине жана магниттик векторунун өз ара жайгашуусуна көзкаранды. Бул эффект биринчи кезекте ферромагнетиктерде байкалат жана магнит оптикалык Керр эффектиси деп аталат. Магниттик оптика, 20-кылымдын 60–70-ж-дарында интенсивдүү өнүккөн. Өзгөчө жарым өткөргүчтөрдүн Магниттик оптикасына жана кристалл-дык магниттерге (ферриттер жана антиферромагнетиктер) көңүл бурулган. Бул изилдөөлөрдө Л.Д. Ландаунун эмгеги өтө зор. Тунук ферриттерде жана антиферромагнетиктерде Магниттик оптиканын ыкмасы менен спиндик толкундардын, экситондордун, аралашма энергиялык деңгээлдердин спектрлерин үйрөнүүгө болот. Тунук ферриттердин жана антиферромагнетиктердин Магниттик оптикалык касиеттери лазердик нурларды башкаруу системаларында жана компьютерде маалыматтарды оптикалык жазууда, эсептөөдө пайдаланылат. Магниттик оптиканын ыкмалары заттардын физика-химиялык структурасынын, атом молекулаларынын түзүлүштөрүн, фазалык өтүштөрдү изилдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]