Магниттик стрикция

Википедия дан

Магниттик стрикция (лат. Striction−кысуу, чоюу) – нерсени магнит-тегенде алардын формаларынын жана өлчөмдөрүнүн өзгөрүшү.

1842-ж. англ. окумуштуу Ж.Жоуль ачкан. Ферро жана ферримагнетиктерде Магниттик стрикция кыйла чоңдукка жетет (салыштырмалуу узарышы (Δl/l ≈ ≈ 10-5–10-2). Ал эми антиферро, пара- жана диамагнетиктерде аз байкалат (10-6−10-7). Магниттик стрикциянын эки түрү: түз жана тескери Магниттик стрикция эффекттери болот. Ферромагниттик үлгүнү дефформациялоо менен анын магниттелишинин өзгөрүү кубулушу магниттик серпилгичтүү эффект же Виллари эффектиси деп аталат. Магнетизм теориясында Магниттик стрикция ферромагниттик нерселердин электрдик жана магниттик өз ара аракеттешүүлөрүнүн натыйжасы катары каралат. Ушуга байланыштуу жаратылышы боюнча ар түрдүү Магниттик стрикциялык деформация болот. Ферро- жана ферримагнетиктерди магниттегенде магниттик күчтөр 0дон Hs ке чейинки интервалда таасир этип, ферримагнетик магниттик каныгууга Ιs жетет. Талаанын бул интервалындагы магниттелиш домендердин ортосундагы чегаралардын жылышуу процессине жана домендердин магниттик моменттеринин талаа боюнча кыйшаюусуна байланыштуу болот. Бул эки процесс кристалл торчонун энергиялык абалын өзгөртүп, түйүндөрдүн ортосундагы теңсалмактуулукту бузат. Натыйжада атомдор жылышып, торчо деформацияланып, магниттеништен кристаллдын формасы өзгөрөт. Домендердин магнит моменттери толук бойдон талаанын багыты боюнча багытталып Магниттик стрикция изотроптуу болот, б. а. кристаллдын көлөмү өзгөрөт. Поликристаллдуу ферромагнетиктердин Магниттик стрикциясы толук изилденген, алар талаанын багыты боюнча (узатасынан кеткен Магниттик стрикция) жана талаанын багытына перпендикуляр багытта (туурасынан кеткен Магниттик стрикция) болуп бөлүнүшөт. Электр жана радиотехникада Магниттик стрикциялык реле жана чыпка өтө кууш тилкелердеги жыштыктарда иштетилет. Ультраүн булактары жана кабыл алгычтар, о. эле стабилизатордун иштеши Магниттик стрикцияга негизделип, техникада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]