Магнитттүү күчөткүч

Википедия дан

Магнитттүү күчөткүч — аз кубаттуулуктагы туруктуу токту (же башка жыштыктагы өзгөрмө токту) пайдаланып, чоң кубаттуулуктагы езгөрмө токту башкарчу электр-магниттүү аппарат.

Магнитттүү күчөткүчтүн иштөө принциби ферромагнит материалдардын магнит индукциясынын ошол магнит талаасынын чыңалышына сызыктуу эмес көз карандылыгына негизделген. Эң жөнөкөй Магнитттүү күчөткүчтүн магнит өткөргүчү калдыркан болоттон жасалып, ага туруктуу токтун башкаргыч орому жана өзгөрмө токтун биринчи орому жайгаштырылган. Туруктуу кубаттуулугу кичине эле езгөргөндо өзгөрмө токтун кубаттуулугу бир кыйла өзгөрөт. Магнитттүү күчөткүч кеңири диапазондогу (0,1 квгган бир нече жүздөгөн квткА чейин) кубаттуулукту күчөтөт, пайдаланууга ыңгайлуу, өзү жөнөкөй жанa ишенимдүү, иштоө мүнөздөмөсүн туруктуу сактайт. Ал автоматтык контролдоо, башкаруу жөнүндө жөндөө системаларында кеңири колдонүлат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.