Магниттүү жылдыздар

Википедия дан
Магниттүү жылдыз.

Магниттүү жылдыздарА спектрдик класстагы, күчтүү магнит талаасына жана химиялык курамындагы аномалияларды көрсөтүүчү спектрдик өзгөчөлүктөргө ээ жылдыздар.

Магниттүү жылдыздардын магнит талаасынын пайда болушу жылдыз жаралган жылдыз аралык газдардын баштапкы талаасына байланыштуу болот. Магнит талаасынын өзгөрмөлүүлүгү талаанын чыныгы өзгөрүүсүнө көзкаранды болбостон, магниттүү жылдыздардын айлануусуна көзкаранды. Бул жылдыздардын магнит талаасынын чыңалышы ондогон миң эрстедге (~106 А/м) жетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов