Магниттүү потенциалометр
Магниттүү потенциалометр — магнит талаасынын эки чекитинин магнит потенциалдарынын айырмасы же туюк контурдагы магнит кыймылдаткыч күчүн өлчөгүч түзүлүш.
Магниттүү потенциалометр зым оролгон индукциялык түрмөк (катушка) түрүндо жасалып, туруктуу магнит талаасында баллистикалык гальванометр же микровеберметрге, өзгөрмө магнит талаасында — вольтметр же осциллографка туташтырылат. Магниттүү потенциалометр менен 10-5—10~г а ден баштап магнит потенциалдарынын айрымасын (магнит кыймылдаткыч күчүн) өлчөөгө болот.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.