Магниттүү тараза

Википедия дан

Магниттүү тараза - таразага тартуу жолу менен нерселерди магнит кабылдоочулугун жана Жер магнетизмин өлчөгүч курал.

Нерсенин маг­нит кабылдоочулугу ошол нерсенин электр-магниттин магнит талаасына тартылуу күчү менен аныкталат. Бул күчтүн чоңдугу эки метод менен аныталат. Биринде, өтө узун цилиндр түрүндөгү үлгүнүн бир учунун электр-магнит талаасына тартылгандагы күчү (Гук методу), экүнчисинде бир тектуу эмес магнит талаасына коюлган өтө кымындай нерсеге ал талаа­нын таасир кылгандагы кучу (Фара­дей методу) боюнча нерсенин магнит кабылдоочулугу аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.