Магниттүү өзгөрткүч

Википедия дан

Магниттүү өзгөрткүч — киришине берилген магниттүү чоңдуктарды (индукция, агым) чыгышында физ. табияты башкача электр, мех., жарык сыяктуу чоңдуктарга айландырчу түзүлүш.

Магниттүү өзгөрткүч аркылуу автоматтык башкаруу, контролдоо, жөндөө системалары жана адистештирилген эсептөө комплекстери түзүлөт. Магниттүү өзгөрткүч өзгөртүүнүн ар кандай — магнит-электр, магнитострикция, гальва­но-магнит ж. б. принциптери боюнча түзүлөт. Ал эсептөө техникасында үзгүлтүксүз формада чыңалуу жана ток түрүндө берилген кириш информацияларын цифра коддоруна өзгөртөт, навигация системаларында, моделдөөчү түзүлүштөрдө информацияларды аналог түрүндө берет. Магниттүү өзгөрткүч автома­тика системаларында, телемеханикада, өлчөө жана эсептөө техникаларында, магниттик жол менен жазылып алынган видеосүрөттөрдү кайра көрсөтүүдө жана үндөрдү кайра угузууда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.