Магнит каршылыгы
Магнит каршылыгы – магнит тизмегин мүнөздөөчү чоңдук; Rm магнит тизмегине аракет кылган F магнит кыймылдаткыч күчүнүн магнит тизмегинде пайда болгон Ф магнит агымына болгон катышы. Ал [[Image:]] формуласы боюнча эсептелет, мында, [[Image:]] – магнит өткөрүмдүүлүгү, [[Image:]] – магнит турактуулугу, l жана S– магнит тизмегинин бөлүгүнүн узундугу жана туурасынан кесилиш аянты. Алынган формула «магниттик азаюуну», тизмектеги магнит талаасынын бир тектүү эместигин, Магнит каршылыгынын магнит талаасынан сызыктуу эмес көз карандылыгын эске албагандыктан болжолдуу болуп эсептелет. Өзгөрмөлүү магнит талаасындагы магнит каршылыгы – комплекстүү чоңдук, себеби бул учурда [[Image:]] электр магниттик термелүүнүн жыштыгына көз каранды. Эл аралык бирдиктер системасында Магнит каршылыктын бирдиги үчүн ампердин веберге (А/Вб) болгон катышы алынган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7