Мадали Эшен

Википедия дан

Мадали Эшен, Мухаммед – Али Халиф Мухаммед – Сабыр Суфиев (1846, Фергана өрөөнү, Шохидон кыштагы – 24. 5. 1898, Анжиян шаары) – Анжиян көтөрүлүшүн жетектегендердин бири. Бухара жана Самарканд шаарындагы медреселерден билим алган. Россия империясынын жүргүзгөн колониялык саясатына каршы нааразычылыктар элдик көтөрүлүшкө алып келип, элдин сунушу менен Мадали Эшен көтөрүлүшкө жетекчилик кылган. Мисалы, Кайыпназар, Магзум Зиябидин башында турган эл Анжиянга, Оморбек датка Бекмуратов менен Өмүрбек датка Ошко, Көгарт болуштугунун башчысы Чыйбыл жана Атакул паңсат Ханазаровдор Кара-Көлдөгү казак-орус отрядына кол салууну пландап, куран кармап ант беришкен. 1898-жылы 18-майда алар эки ротадан турган Анжиян аскер гарнизонуна кол салып, тез эле жеңилип калган. Мадали Эшен башында турган 22 адам дарга асылып, калгандары Сибирге айдалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]