Мадамин бек

Википедия дан

Мадамин бек, Мухаммед Амин Ахмед - бек, Мадамин Ахметбеков (1893–20. 5. 1920) – 1918–20-жылдары Фергана өрөөнүндө Совет бийлигин орнотууга каршы чыккан корбашылардын бири. 1916-жылдагы көтөрүлүшкө байланыштуу падыша өкмөтү тарабынан камакка алынып, 1917-жылы Февраль революциясынан кийин бошотулган. 1917–18-жылдары Эски Маргалаң шаарында мусулман жумушчулар профсоюзунун төрагасы, милиция начальниги болуп иштеген. 1918-жылы жай айынан Кызыл Армияга каршы көтөрүлүшкө чыгып, 1919-жылы Фергана өрөөнүн ээлеген. Анын отрядына казак-орустардан куралган К. Монстровдун Дыйкандар армиясы кошулган. 1919-жылы 22-октябрда Мадамин бек башында турган Убактылуу Фергана өкмөтү (Фаргона муваккат мухторият хукумати) уюшулуп, орун басарлыгына Монстров дайындалган. 1920-жылы февралда Мадамин бектин негизги күчү Кызыл Армиянын курчоосунда калган. Натыйжада Мадамин бек мусулман бюросу жана областы ревкомдун башчысы Н. Хожаев менен тынчтык келишимин түзүп, Совет бийлигин таанууга аргасыз болгон. 20-мартта Түркстан фронтунун командачысы М. Фрунзе менен бирдикте аскер парадына катышып, башка корбашыларды да Совет бийлигине тартуу сунушуна кошулган. 1920-жылы 5-майда жардамчысы казак-орус С. Сухов менен бирге Үч-Коргонго жакын жерде Көр Шерматтын колу тарабынан Мадамин бектин башы алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]